Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 21:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабаган компаниянын иши токтотулду

29.09.2025 10:35
83
Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабаган компаниянын иши токтотулду


Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабаган компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 


Маалыматка ылайык, күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев пландан сырткары Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин кыдырды.


Кыдыруу учурунда Москва көчөсү 120 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана курулуштун мыйзамдарына ылайык объектинин паспорту сыртка илинбегендиги аныкталды.


Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Even KZ” курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн