Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте коронавирус күч алгандыктан кошумча орун даярдалды

Бишкекте коронавирус күч алгандыктан кошумча орун даярдалды

Бишкек шаары жана Чүй облусунда коронавирус боюнча абал оор болуп жаткандыктан кошумча 132 орун ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.


"Бул эки аймакта жалпысынан 2 361 орун бар эле. Алардын 255и реанимациялык палаталардагы керебеттер болчу. Бирок булар дагы жетишсиз болуп жаткандыктан, 19-апрель күнү Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө 132 орун даярдалды", - деди Рахматуллаев.

Ал башка аймактарда абал туруктуу жана коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жетиштүү экенин кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн