Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:09
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте коронавирус жана пневмонияга карата дагы кошумча миңден ашык орун ачылды, - мэр

08.07.2020 15:31
1069
Бишкекте коронавирус жана пневмонияга карата дагы кошумча миңден ашык орун ачылды, - мэр

 

Бишкекте коронавирус инфекциясы жана пнвемония менен ооругандар үчүн кошумча миңден ашык койка-орундуктар ачылган. Бул тууралуу борбор калананы мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, өлкөдө оорунун жаңы учурларынын көп катталып жаткандыгына байланыштуу, Өкмөттүн тапшырмасы менен, борбордо коронавирус инфекциясы жана пнвемония менен ооругандар үчүн кошумча орундар ачылган.

Алар төмөнкү аймактарда:


1.     “Континенталь” мейманканасы, дареги: Интергельпо көчөсү 1, 225 койка-орун;

2.     Каниметов атындагы №1 интернат, дареги: Жибек-Жолу көчөсү 625, 120 койка-орун;

3.     Көзү азиз жана дүлөйлөрдүн атайын орто билим берүү мектеп-интернаты, дареги: Кулатов көчөсү 37, 80 койка-орун;

4.     “Discovery” мейманканасы, дареги: Оренбургский 31, 48 койка-орун;

5.     Доктор Назаралиевдин медициналык борбору; 60 койка-орун;

6.     И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Улуттук Медициналык Академиясы, 300 койка-орун;

7.     Обсервация үчүн “Дордой” ассоциациясы тарабынан курулган медресе же “Ынтымак” жаңы конушундагы госпиталь - 150 орун.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн