Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте коронавирус жуктургандардын 34тү ооруну кайдан жуктурганын билбейт

12.06.2020 11:25
1116
Бишкекте коронавирус жуктургандардын 34тү ооруну кайдан жуктурганын билбейт


Борбор калаада коронавирусту жуктургандар 610 адамдын 34тү илдетти кайдан жуктурганын билбейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова 11-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, жарандар көчөгө чыгарда маршруттук баракча түзүп жүрүүлөрү керек.


“Илдетти жуктургандар 610 адамдын отуз төртүнүн булагы аныкталган эмес. Алардын кайда барганын сураганда коомдук жайларга барганы менен байланыштырат. Алар базарларга, соода түйүндөргө жана коомдук транспортто жүргөнүн билдиришкен”, - деди Кузнецова.


Ошондой эле ал жарандарды социалдык аралыкты сактоого жана беткап тагып жүрүүгө чакырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн