Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда, - вице-мэр

04.06.2020 14:05
1021
Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда, - вице-мэр


Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу 4-июндагы брифингде борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.


Анын айтымында, шаардыктар өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактап, беткап тагып, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткаруулары керек.


"Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. 4-июнга карата, Бишкек шаарында лабораториялык изилдөө менен коронавирус 499 адамда тастыкталды. Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Илдеттен айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны 300 адамга жетти", - деди Кузнецова.


Ошондой эле бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлери менен кардарларынын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоолору боюнча жоопкерчилик алаарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн