Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте коронавирустан 70 жаштагы бейтап каза болду

19.06.2020 10:33
1220
Бишкекте коронавирустан 70 жаштагы бейтап каза болду


Бишкек шаарында коронавирустан 70 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу салматтыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-июндагы брифингде билдирди.


“1950-жылы туулган эркек киши Кыргыз-Түрк бейтапканасында каза болуп калды. 7-июнда эки тараптуу пневмония болуп, дем алуусу оорлошуп келген. Жүрөк оорусуда бар экен. Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин дагы бир нече илдетке диогноздор коюлган. 25-майдан бери тоого бээнин сүтүн ичебиз деп барып, ал жактан кан басымы көтөрүлүп, ооруканага кайрылган экен. Аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошконго карабай каза болуп калды”, - деди Үсөнбаев.


Муну менен COVID-19дан каза болгондордун жалпы саны 32ге жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн