Борбор шаардын тургундары өзүн-өзү диагностикалоо маселелери боюнча ыкчам медициналык кеңеш алуу үчүн 118 ыкчам линиясына чалса болот.
Дарыгерлер ыкчам телефон аркылуу байланышкан адамдарга өзүн кандай сезип жаткан абалын тыкыр сурамжылайт жана атайын иштелип чыккан анкетаны толтурушат.
Шаар тургуну төмөнкү учурларда чала алат:
• Ал эпидемиологиялык абалы начар өлкөлөргө же аймактарга барып келсе;
• Коронавирусуна чалдыккан оорулуу менен тыгыз байланышта болгон болсо;
• Оорунун белгилери – жогорку температура, жөтөл жана энтигүү бар болсо.
Инфекциянын белгилери аныкталса, жерине дарыгер, эпидемиолог жана лаборант болуп, медиктердин мобилдүү бригадасы барат, алар үйдө экспресс-тест жасашат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн