Бишкек шаарында коронавирусту симптому жок алып жүргөндөр
бар. Бул тууралуу 23-майдагы брифингде шаар мэри Азиз Суракматов
билдирди.
"Коронавирус илдетин симптому жок алып жүргөндөр бар, андыктан беткап менен кол кап кийип жүрүү керек. Айт майрам менен куттуктоону жана барууну токтотуп турууну өтүнөм. Бул оорунун жайылуу коркунучун жаратат. Андыктан карантин эрежелерин сактап бериңиздер”, - деди Суракматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн