Бишкек шаарында коронавирустун курмандыктарын эскерүү максатында «Эскерүү шамы» акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, акция 29-августта өтөт.
«Урматтуу шаардыктар! 29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясына чакырабыз. Саат 21:30да үйдөгү жарыкты өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерели», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн