Кулжа 20, 2025
Убакыт: 16:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

Бишкекте кран кулап, коңшулаш имараттарга зыян келтирген

Бишкекте кран кулап, коңшулаш имараттарга зыян келтирген


Кечээ, 19-июнда Бишкекте Кулатов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан жерге кран кулап, коңшулаш имараттарга зыян келтирген.


Окуя болгон жерге Курулуш министрлигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын өкүлү барган.


Ведомстводон билдиришкендей, бул боюнча акт түзүлүп, учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

«Адис Курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн бул участокто иш токтотулуп, крандын айдоочусуна айып пул салынган.


Маалым болгондой, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы буга чейин борбор калаада рейддерди өткөрүп, тиешелүү уруксат кагаздары жок жана курулуш нормаларын бузган курулуш компанияларына эскертүү берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн