Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте “криптовалюта” алуу боюнча мыйзамсыз иштеп келген майнинг-ферма аныкталды

15.03.2022 15:10
754
Бишкекте “криптовалюта” алуу боюнча мыйзамсыз иштеп келген майнинг-ферма аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан “майнинг-фермаларды” аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1997-жылы туулган КРнын Х. Р.Р., аттуу жараны тарабынан “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жолу менен “майнинг-фермаларды” түзүп “криптовалюта” алуу боюнча мыйзамсыз иш аракеттери уюштурулганы аныкталган.


2022-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан “Тихий-Замок” мейманканасынын жер төлөсүндө “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар “криптовалюта” өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.


Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен "Улуттук электр холдинг компаниясы" ААК тарабынан “майнинг” өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган, бул аталган “майнинг-ферманын” мыйзамсыз иштешин көрсөтүп турат.


Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн