Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте күндүн ысышына байланыштуу жашыл аянтчаларды сугаруу күчөтүлдү

22.07.2022 11:33
537
Бишкекте күндүн ысышына байланыштуу жашыл аянтчаларды сугаруу күчөтүлдү


Аба ырайынын ысышына байланыштуу “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүндөгү, сейил бактар менен аянттарындагы жашыл аянтчаларды сугарууну күчөттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сугат иштери кечки саат 18:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин улантылды.

Белгиленгендей, автоматтык сугарууга “Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын 20дан ашык атайын техникалары тартылды.

Октябрь районунда күчөтүлгөн сугат иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлдү: Ынтымак сейил багында, Тунгуч кичирайонундагы скверлерде, №6 кичирайонунда, Көк-Жар конушундагы Ахунбаев көчөсүндө, А.Токомбаев, Сүйөркулов көчөлөрүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилишинде Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев, Масалиев, Сухэ-Батор-А.Токомбаева, 7-Апрель-Л. Толстой, Куттубаев көчөлөрүнө чейин. «Ынтымак-1» паркында сугат иштерине 4 даана атайын техника тартылды.

Биринчи май району боюнча: Боталиев көчөсүнүн боюндагы паркта, Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин, Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш комплексине чейин, Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Токтогул көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Абдрахманов көчөсү Медеров көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин.

Ленин району боюнча: Ахунбаев-Курчатов, Ахунбаев-Тыналиев, Гагарин көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар, Тыналиев көчөлөрүнө чейин.

Свердлов району боюнча: Театралдык скверинде, Свердлов акимчилигинде, Ибраимов-Бөкөнбаев көчөлөрүндө.

Бардык райондордо гүлзарлар да сугарылууда.

Эске салсак, ар бир суу ташыгычта 8000 литр суу бар жана бир түндө болжол менен 5-6 сапар жасайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн