Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте күндүз оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

29.07.2021 19:14
661
Бишкекте күндүз оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

28-июлдан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын көчөлөрүндө оор унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Абанын температурасы 28 градустан жогорулаганда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Салмагы 18 тоннаны түзгөн, бир огу 7 тоннадан ашкан оор жана ири унаалардын кыймылына тыюу салынат.


Бирок, чектөө чаралары жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардамдарды, ири көлөмдөгү жана атайын жүктөрдү атайын уруксаттын негизинде ташуу менен алектенген унааларга колдонулбайт. Ошондой эле, жолдорду куруу, оңдоо жана күтүү үчүн тартылган транспортко тиешеси жок.


Мындай иш-чаралар борбор калаанын жолдорунун эксплуатациялык мөөнөтүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн