Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:20
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Бишкекте курал колдонуп, эки адамды сабап, акча тоноого аракеттенген адам кармалды

23.03.2020 16:43
701
Бишкекте курал колдонуп, эки адамды сабап, акча тоноого аракеттенген адам кармалды


Бишкек шаарындагы Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйгө каракчылык чабуул жасаган 25 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылы 23-январда Свердлов РИИБне 1973-жылы туулган жаран кайрылып, ошол күнү саат 13:15тер чамасында белгисиз бир адам Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосуна секирип кирип, травматикалык тапанча менен дубалды бир ирет аткан жана 1999-жылы туулган уулун жана үй жумушчусун сабап, сейфтеги акчаны алып кетүүгө аракет кылганын айтып арызданган. Жабырлануучунун айтымында, кылмышка шектүү “Самсунг” үлгүсүндөгү эки мобилдик телефонду алып изин жашырып кеткен.

 

Бул факт Свердлов РИИБнин Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо боюнча бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 202-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.


Бишкек ШИИБнын жана Свердлов РИИБнын ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаадан бул кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды.


Учурда башка дагы кылмышка катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча иликтөө чаралары жүрүп, соттук өндүрүш иштери башталды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн