Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте куран окутуу, кыз узатуу өткөрүп жаткан бир нече тойканаларга айып салынды

12.08.2020 16:55
992
Бишкекте куран окутуу, кыз узатуу өткөрүп жаткан бир нече тойканаларга айып салынды


Бишкек шаарынын Ленин райондук Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Covid-19 коопсуздук эрежесин бузгандарды аныктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, «Алтынай» ресторанында массалык иш-чаралардын, тойлордун жана үй-бүлөлүк майрамдардын өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан той өткөрүлүп жаткандыгы аныкталды. 


Ресторандын администрациясына КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Ушул эле берене боюнча "Сары-Өзөн" жана  Guzel Grand Hall, «Сары-Челек» ресторандарынын администрацияларына протокол түзүлдү. Аталган жайларда «куран окутуу», ошондой эле, «Сары-Челек» ресторанында «кыз узатуу» иш-чаралары өткөрүлгөн.


Мындан тышкары, Чүй проспектиси жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Бир Эки», «Лагман», «Фрешбокс» тез тамактануу жайларында дагы санитардык нормалар бузулганы аныкталган. Аларга карата протоколдор түзүлдү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн