Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте курулуп жаткан жаңы Ак үйдүн имаратынан өзбекстандык жумушчу кулап түштү

Бишкекте курулуп жаткан жаңы Ак үйдүн имаратынан өзбекстандык жумушчу кулап түштү


Бишкекте курулуп жаткан жаңы Ак үйдүн имаратынан өзбекстандык жумушчу кулап түштү. Бул туурасында Ленин райондук милициясы билдирди.


Ага ылайык, 6-август күнү саат 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу имарат куруп жаткан жумушчу кулап ооруканага түшкөнү тууралуу милицияга кабарланган.


Жабырлануучу Өзбекстандын 30 жаштагы А.А. аттуу жараны экени аныкталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат.


Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы жаракат алган жумушчу бүгүн реанимациядан чыгарылып, Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын нейротравматология бөлүмүндө которулганын кабарлады. Абалы туруктуу деп бааланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн