Бишкекте курулушта мыйзамсыз иштеген 39 Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комтетинен билдиришти.
Атайын кызмат жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кытайдын 39 жаранын Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилердин биринин аймагында мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысын аныктады.
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагында жүргөндө туристтик визанын негизинде мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөнү такталган.
КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чет өлкөлүктөр ички иштер органдарына чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргызстанда болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзиттик жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы жөнүндө протоколдорду тариздөө үчүн административдик айып салуу менен алынып келинген.
КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине ылайык, курулуш компаниясынын жетекчилигине белгиленген өлчөмдө айып салуу менен КР чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.
УКМК менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдардын жетекчилерине Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууда миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн