Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте лицензиясыз ичимдиктерди саткан 6 дүкөндүн ээсине айып салынды

12.08.2020 16:38
1021
Бишкекте лицензиясыз ичимдиктерди саткан 6 дүкөндүн ээсине айып салынды


Бишкек шаарында лицензиясыз ичимдиктерди саткан 6 дүкөн аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Шота Руставели көчөсүнөн сатууга тиешелүү лицензиясы жок спирт ичимдиктерин сатып жаткан 6 дүкөндү аныкташкан.


Ар кандай идиштеги жана аталыштагы 606 бөтөлкө алкоголь тартып алынып, ишкерлерге карата КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн