Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте маршруттук унаалардын айдоочулары тынымсыз текшерүүлөргө нааразы (сүрөт)

24.06.2020 15:38
1174
Бишкекте маршруттук унаалардын айдоочулары тынымсыз текшерүүлөргө нааразы (сүрөт)


Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары тынымсыз текшерүү жүрүп жатканына нааразы болушууда. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин кабарчысы айдоочулардын пикирин угуп келди. 


№132 маршруттук таксинин айдоочусу Жээнбек Турдубаевдин айтымында, ал 5 жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташып иштейт. 


"Коронавирус бизге дагы таасирин тийгизди. Оорудан улам бизге талаптарды күчөтүп, "жүргүнчүлөрдү чектеп алгыла, беткап тагынып, антисептиктерди койгула" деп жатышат. Жүргүнчүлөр көп болсо айып салып жатышат. Мындан улам биз ижара акыбызды төлөй албай жатабыз. Бир күндө ижарага 1000 сом беребиз. Ошол сумма дагы чыкпай калууда", - дейт Жээнбек Турдубаев. 


Ал эми №172 маршруттук таксинин айдоочусу Данияр Байтереков дем алыш күндөрү коомдук транспортторду токтотуу чечимине каршы.    


"Биз күн сайын антисептик, беткап алып жатабыз. Эми дем алыш күндөрү иштөөгө тыюу салып жатышат. Эл эс алып жатканда оору жукпай, анан иш күндөрү жугуп калабы? Муну кандай түшүнсө болот?  Жок дегенде бизге беткап жана антисептик алып беришсе болмок. Текшерүүлөр тынымсыз болууда", - дейт ал. 


Ошондой эле, ал жүргүнчүлөр санитардык талаптарды аткарып жатышканын кошумчалады.


Ал эми №135 маршруттук таксинин айдоочусу Алмаз мырза дем алыш күндөрү иштөөгө тыюу салуу аларга зыянын тийгизгенин айтат. 


"Айына 14-15 күн гана иштеп жатабыз. Азыр унаанын ижара акысын төлөйбүз, тетиктери кымбат, тапкан акчабызды эптеп соляркага жеткирип жатабыз. Беткап, антисептик алганыбыз эле бизге чыгым болуп жатат. Мындан тышкары, план төгүшүбүз керек. Талап койгонго жараша жол кирени көтөргүлө десек, өкмөт макул болгон жок", - деди ал. 


Ал эми Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, учурда шаар боюнча 1700 коомдук транспорт каттамга чыгууда. 


"Алардын ичинен 1137 коомдук транспорт текшерүүдөн өтүп, санитардык нормаларды сактабаганы үчүн жалпы 244 миң сом айып салынды. Жалпы 132 айдоочуга жана 9  жетекчиге протоколдо толтурулду", - дешти мэриядан.


Буга чейин 20-июнда премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу максатында дем алыш күндөрү коомдук транспорттун иштешине тыюу салынарын билдирген. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн