Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте мас абалдагы жаран милиция кызматкерлерине кол салды

Бишкекте мас абалдагы жаран милиция кызматкерлерине кол салды

Бишкекте жаран Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-ноябрда болжол менен саат 12:10 чамасында “102” кызматына Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтердин биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн.


"Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1991-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран мас абалында майда бейбаштык кылып жаткандыгы аныкталган. Кызматкерлердин мыйзамдуу талабына да баш ийибей, качып кеткен. Бирок, кийин кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмунө жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн