Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жол кырсыктан кийин тез жардам кызматынын жетекчиси элге кайрылды (видео)

18.06.2020 17:19
1056
Жол кырсыктан кийин тез жардам кызматынын жетекчиси элге кайрылды (видео)


Бүгүн медициналык кызматкерлер жабыркаган жол кырсыктан кийин Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын жетекчиси Искендер Шаяхметов элге кайрылды. 


"Тез жардам унаасы дайыма жардам көрсөтүүгө кетип бара жаткан болот. Суранам, келгиле, тез жардам унаасына жол бошотуп бергенди үйрөнөлү", - деди ал. 


18-июлда Бишкек шаарында тез жардам унаасы менен "КамАЗ" кагышып, медицина кызматкерлери жаракат алганын шаардык патрулдук милициясы маалымдаган. 


Кырсык саат 13:40 чамасында Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анын кесепетинен медицина кызматкерлери жана оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу оор жаракат алып, бейтапканага жеткирилген. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн