Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 22:39
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

14.11.2024 13:46
230
Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкекте баасы 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун "Айкөл" конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 га жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталды.

Белгилей кетсек, 2008-жылдан 2024-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир катар кайра каттоо жол-жоболорунан өтүп, акыркы жолу К.Н.А. аттуу жаранга кайра каттоо жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн