Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте мектеп лигасынын ачылышы болду

31.10.2022 09:47
284
Бишкекте мектеп лигасынын ачылышы болду

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде 2022-2023 - Мектеп лигасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.


Иш-чарага Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов, мектеп окуучулары жана дене тарбия мугалимдери, райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышты.


Ошондой эле салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунун орто мектептеринин окуучуларынын арасынан райондук жана шаардык мелдештердин жеңүүчүлөрү болгон жаш спортчулар чакырылган.


Ачылыш аземи кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы жана жаш футболчулардын көрсөтмөлүү оюну менен коштолду.


Эскерте кетсек, Мектеп лигасынын алкагында спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда Бишкек шаарынын 100дөн ашык жеке, орто мектептери жана гимназиялары катышып, жалпысынан 15 миңге жакын мектеп окуучулары камтыйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн