Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте мектеп окуучулары качан салттуу режимде окуй турганы белгилүү болду

24.12.2020 13:38
471
Бишкекте мектеп окуучулары качан салттуу режимде окуй турганы белгилүү болду
Үчүнчү чейректен тарта Бишкек шаарындагы мектептер ачылып, окуучулар мурдагыдай салттуу режимде окушу мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, мектептердин ачылышы Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот. 

"Эгер Санэпидемкөзөмөл департаменти мектептерди ачууга уруксат берсе, анда Бишкек шаарындагы окуучулар III чейректен тарта салттуу түрдө окуй башташат", — деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары учурда өлкө боюнча 1912 мектепте окуучулар кадимки тартипте окуп жатканын айтып, калган 237си акырындык менен ачыларын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн