Окуучулардын ата-энелеринин демилгелүү тобу Бишкек шаардык мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен балдарын салттуу окууга уруксат берүүнү талап кылышууда.
Муниципалитетке келген 20дай адам менен вице-мэри Айжан Чыныбаева жолугушту.
Чыныбаеванын айтымында, бир класста 30-40 бала окуган мамлекеттик мектептерде коронавирустун жайылуу коркунучу сакталууда.
«Мектептерди 1-февралда ачууну пландаштырганбыз. Тилекке каршы, шаардагы үч мектепте үйдөн ооруп, классташтарына жуккан балдар бар, мен билим берүү мекемелеринин санын айта албайм», - деди Айжан Чыныбаева.
Андан кийин, Чыныбаева нааразычылык акциясына чыккандарды кеңсесине чакырып, мамлекеттик мектептерди ачуу маселелерин талкуулады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн