Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар эртеңден тарта кадимки режимде иштейт

06.02.2024 09:47
174
Бишкекте мектеп жана бала бакчалар эртеңден тарта кадимки режимде иштейт


Бишкек шаарында жылуулук берүү турукташкандыгына байланыштуу бардык муниципалдык билим берүү уюмдарында 7-февралдан тарта окутуу кадимки режимде улантылат. Бул тууралуу медиаштаб билдирди.


Буга чейин ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан 6-февралга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайн-окутууга которулганы белгиленди. Мындан улам Бишкектин окуучулары эртең онлайн-режимде окушат, мамлекеттик бакчалар дагы иштебейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн