Бишкек шаарынын мектептери салтту түрдө 18-январда тарта иштей баштайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Алгач 18-январда 1-,5-,9- жана 11-класстын окуучулары белгиленген санитардык тартип негизинде салттуу формада окуй баштайт. Маалыматка ылайык, окуучулар мындай ыкма менен 1-февралга чейин окуйт. Андан ары Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрлиги абалга жараша окуу форматын иштеп чыгат.
Ал эми Бишкектеги бала бакчалар 20-январдан тарта наристелерди кабыл ала баштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн