Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:28
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Бишкекте мектептер жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө

23.07.2021 11:36
601
Бишкекте мектептер жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө

Бишкектин мектептерин жаңы окуу жылына даярдап жатышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Билим берүү мекемелеринин даярдыгынан кабар алуу үчүн виц-мэр Виктория Мозгачева менен Билим берүү жана илим министрлигинин адистеринен турган топ Ленин районундагы №47, 72, 95, 44, 84 мектептерди кыдырып чыкты.


"Жалпысынан алганда жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүп жатат. Эгер эпидемиологиялык абал жакшырса, калаадагы 97 мектептин баары окуучуларга эшигин ачат", — деп айтылат билдирүүдө.


Эске салсак, былтыр мектепте 1-класстар гана көбүрөөк окушту. Калгандары аралыктан билим алып, айрым класстар гана бир нече ай мектепке барууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн