Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте мектептерде окуучулар бут кийимдерин алмаштырып сабакка кире баштады

11.02.2022 12:03
393
Бишкекте мектептерде окуучулар бут кийимдерин алмаштырып сабакка кире баштады

Бишкек шаарындагы үч мектепте бут кийим алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, бут кийим алмаштыруу долбоору азыркы тапта Свердлов районундагы №21, Биринчи май районундагы №81 жана Ленин районундагы №84 орто мектептеринде иштеп жатат. Аларда шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бут кийим үчүн шкафтар коюлуп, балдар мектепке бут кийимдерин бакчадагыдай алмаштырып киришет.

"Билим берүү жайларынын администрациялары ата-эне жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Демилгени ата-энелер колдоп, каршы пикир айтылган эмес", — деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн