Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте мектептерди күн энергиясы менен жылытууну пландап жатат

04.02.2022 16:13
920
Бишкекте мектептерди күн энергиясы менен жылытууну пландап жатат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Бишкектеги кара түтүн менен кантип күрөшүп жатканы тууралуу маалымат берди.


Анын айтымында, өткөн жылы Бишкек, Аламүдүн жана Сокулукта кара түтүн менен күрөшүү боюнча план иштелип чыккан. Ал пландын бир бөлүгү турак үйлөрдү газга өткөрүп, көмүрдү жагууну азайтуу.


“Ал программабызга 6 млн доллар керектелет экен. Ошону үчүн ар кайсы жактан мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен жердин жылуулугу (геотермалдык жылуулук) менен үйдү жылытууну ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Азыр геотермалдык жылуулукка конуштардагы кээ бир үйлөр өтүптүр. Анын жабдыктары 800 доллар болот экен. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ким ал жабдыктарды ала турган болсо насыя берүүгө даяр. Ал эми жабдыктарды орнотууга 600 доллар керек экен. Министрлик 500-1000 үйдү геотермалдык жылуулукка өткөрүп көрөлү деп жатабыз. Эгер ал пайдалуу болсо, анын санын көбөйтөбүз”, - дейт ал.


Кутманова кошумчалагандай, Ак-Ордодо эки мектеп тандалып, аларга күндөн электр жарыгын ала турган панель коюлганы жатат.


“Анын каражатын эсептеп чыгабыз. Көмүргө кеткен чыгымга караганда аз болсо, анда бул ишти башка мектептерге да жайылтабыз. Казакстандын мектептеринде бул практика колдонулууда. Мындан сырткары, күн жана шамал станцияларын куруу каралууда”, - деди ал.


Министр борбор калаада электр унаалардын санын көбөйтүү керектигин баса белгиледи.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн