Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте милиция кызматкери 33 килограмм баңгизат уурдоого шектелүүдө

03.02.2023 10:12
288
Бишкекте милиция кызматкери 33 килограмм баңгизат уурдоого шектелүүдө

Бишкекте Биринчи май райондук милициясынын кызматкери 33 кг 850 гр “каннабис чайыры” (гашиш) уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Шектүү - милициянын старшинасы М.С. Ал Биринчи май РИИБдин буюм далилдеринин сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы.


“Шектүү өзүнүн жасаган кылмышын жаап-жашыруу максатында баңги заттын ордун толуктоо үчүн башка төмөн сапаттагы 23 кг 624 гр 189 мг салмакты түзгөн баңги заты менен алмаштырып, калган жетпей калган баңги заттын ордуна таш жана бетондун калдыктарын салып койгон”, - деп билдиришти көзөмөл органдан.


Биринчи май райондук прокуратурасы бул окуя боюнча “Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу” жана “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 


Бул иш Биринчи май райондук сотуна кароо үчүн жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн