Теке 05, 2024
Убакыт: 23:15
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бишкекте милициянын көчмө кабылдамасы иштей баштады

21.04.2022 11:18
410
Бишкекте милициянын көчмө кабылдамасы иштей баштады

Бишкек шаарынын Биринчи май районундук милициясынын көчмө кабылдамасы салтанаттуу ачылыш аземи менен ишин баштады.


Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Көлмө” жаңы конушунда өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев, Биринчи май райондук акиминин биринчи орун басары Жээнбек Осмоналиев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Түкебаев, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы М.Ниязалиев, акимчиликтин өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты.


Белгилей кетсек, жарандарды кабыл алуу милиция кызматкерлери тарабынан адистештирилген кичи автобуста жүргүзүлөт. Ошондой эле зарылчылыкка жараша Биринчи май райондук администрациясынын, билим берүү борборунун жана социалдык өнүктүрү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешкен иш сапарлары өткөрүлөт.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн