Бишкектин “Ала-Тоо” жана Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта жана Эркиндик бульварында 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту чечим чыгарган.
Буга чейин Биринчи май райондук администрациясы шаарда ар жекшемби сайын өткөрүлгөн митингдер жашоочуларын "тынчтыгын бузууда" деп сотко кайрылган. Ушул себептен чектөө киргизилген.
Эми митингдерди Максим Горький гүл багында гана өткөрүүгө уруксат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн