Бишкекте мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды алуу иштери уланууда.
Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу мыйзамсыз жарнактарды алуу иштери Чүй жана Манас проспектиси менен Ош базарында жүргүзүлдү.
"Жалпысынан 53 көрнөк-жарнак демонтаждалды. Ошондой эле шаардыктарга мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан соң, ишкерлер тарабынан ыктыярдуу түрдө 18 көрнөк такталар демонтаждалды", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн