Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттарды алуу уланууда

12.10.2021 09:03
455
Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттарды алуу уланууда



Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди бузууну улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


6- кичи районунун №3 үйүнүн мыйзамсыз орнотулган күркө, ошол эле жерден "Риха" компаниясынын күркөсү дагы алынды.


10 -кичи райондо бут кийим оңдоочу жай, Осмонкул көчөсүндөгү ангар демонтаждалды. Объекттердин ээлеринин тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.


Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз мыйзамсыз орнотулган объектинин күбөсү болсоңуз, фото жана видео фактыларды төмөнкү номерге жөнөтүңүз: 0707 48 61 62.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн