Жетинин айы 11, 2025
Убакыт: 11:34
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.070
1.100

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компаниянын иши токтотулду

11.11.2025 09:16
36
Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компаниянын иши токтотулду


Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Бишкек шаарында мыйзам чегинен сырткары иш жүргүзүп келген компания аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.


Текшерүүнүн жүрүшүндө курулушка эч кандай уруксат кагаздары жок, реестрде катталбаган, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, социалдык тармактар аркылуу турак үйлөрдү сата баштаган "Arcon" ЖЧКсы аныкталды. 


Натыйжада Курулуш министрлиги тарабынан аталган компаниянын иши толук токтотулуп, сатуу бөлүмү жабылды. Ошондой эле бул факты боюнча тиешелүү материалдар Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.


Курулуш министрлиги мыйзамды бузган ар бир курулуш компанияга карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн жана курулуш иштерин мыйзам чегинде гана жүргүзүүнү эскертет.


"Эгерде курулуш компаниялар, куруп жаткан турак үйлөрүн реестрге каттабастан сатыкка чыгара турган болсо, бул мыйзам бузуу болуп саналат. Натыйжада Жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн