Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда

06.10.2021 13:33
600
Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы муниципалдык аймакты шаарга жана шаар тургундарына кайтарууну үзгүлтүксүз улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Башкармалыктын доомат катынын негизинде Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Артис Глобал» көргөзмө борборун бузуу иштери жүрүп жатат.


Биздин команда Ибраимов көчөсүндөгү кеңейтүүнү бузууга жетишти. Ал жерде темир тосмолор да алынган. Ушундай эле тоскоолдуктар Чуйков көчөсүндө да алынды.


Ибраимов көчөсүндөгү темир гараж өз каалоосу менен демонтаждалды.

Белгилей кетсек, демонтаждоо көп убакытты талап кылат. Биринчиден, биз мыйзамсыз объектилердин ээлерине эскертебиз, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өз ыктыяры менен алынбаган учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынып салынат.


Урматтуу шаардыктар! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз. Анткени, бул эрежелерди сактоо шаардыктардын да, ишкерлердин да жашоосун жөнөкөйлөтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн