Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилер менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Биздин топ Каралаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык аймакты желимдөө жайынан бошотту. Керимов көчөсүндөгү времянканы дагы алып жетишти. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө тосмо демонтаждалды.
Түшүндүрүү иштеринен кийин Чортеков көчөсүндө 7 капиталдык тосмо жана 1 жеңил конструкция алынып, Тунгуч кичи районунда тандыр ээлери тарабынан алынып салынды.
“Көк-Жар” конушунда Калмурзаев көчөсүндө тосмо алынды.
Кривоносов көчөсүндө жолду оңдоп- түзөө иштерине тоскоол болгон эки үйдүн бөлүгү алынды. Ошондой эле Жайыл Баатыр көчөсүндө: үч капиталдык дубал, бир үйдүн бөлүгү, мончо жана дүкөн алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн