Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 90 объект түрттүрүлдү

27.07.2020 15:08
1054
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 90 объект түрттүрүлдү

 


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жѳѳ жүргүнчүлѳр аймагынын курулушу жүргүзүлүүдѳ. Коопсуз аймакты уюштуруу үчүн мурда мыйзамсыз басып алынган же берилип кеткен жерлер шаарга жана шаардыктарга кайтарылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери муниципалдык жерге мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдѳ.


“Биз Абдрахманов (Байтик Баатыр), Ахунбаев кѳчѳлѳрү, Манас, Чүй проспектилери чектешкен чарчы боюнча вело жол жана тротуардын курулушу үчүн жерди бошоттук. Мыйзамсыз орнотулган 90 объект түрттүрүлдү. Мыйзамсыз орнотулган капиталдык курулуштарды, күркѳлѳрдү, жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери улантылууда”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан тышкары мэрия жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле санитардык нормаларды сактоону өтүндү. Эгерде мыйзамсыз орнотулган объектилер байкалса 0703633833 (Алина) номерине жиберип коюуну өтүндү.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн