Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган бир нече объектилер түрттүрүлдү

12.08.2020 20:59
1302
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган бир нече объектилер түрттүрүлдү


Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз объекттерди түрттүрүү иштерин улантып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, П.Лумумба менен Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги кароосуз калган 40 тонналык контейнер алынып, Элебесов көчөсүндөгү «Той-Ордо» кафесинин тосмосу бузулду.


«Ошондой эле Чүй проспектиси, Шопоков, Токтогул жана Гоголь көчөлөрү мыйзамсыз курулуштардан тазаланды, жалпы 12 объект алынды. Табышалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы курулуш да бузулду, үй ээсинде тиешелүү документ жок болгон. Муниципалдык аймактын 35 чарчы метр жери бошотулду», - деп айтылат маалыматта. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн