Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган курулуштарды алуу иштери уланууда

14.07.2023 13:46
294
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган курулуштарды алуу иштери уланууда


Бишкектин Жусуп Абдрахманов көчөсүн бойлой мыйзамсыз орнотулган курулуштарды жана кире бериш топторду бузуу, иретке келтирүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө жалпы аянты 21 чарчы метр болгон 4 курулуш, 2 бастырма буздурулду. Ошондой эле 4 жарнама конструкциясы алынды.

Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн