Бишкектин Жусуп Абдрахманов 145, дарегинде мыйзамсыз орнотулган 21 гараж алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, гараждардын ордуна жол курулмакчы. Гараждарды алуудан соң натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн