Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 11:00
USD
86.60
87.10
EUR
94.70
95.70
RUB
1.005
1.045

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алынды (фото)

25.06.2020 14:19
1775
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алынды (фото)

 

Кечээ, 24-июнда Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын Разаков көчөсүндө туура эмес орнотулган жана макулдашылбай орнотулган жол белгилерин карап чыгып, “Бишкек асфальтсервис” ишканасы менен бирге аларды алып салышты.

 

Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашкандай, мындан ары да Жол көзөмөлдө бөлүмү тарабынан Бишкек шаарындагы көчөлөрдө өз алдынча коюлган жол белгилери жана өз алдынча түзүп алышкан унаа токтотуучу жайларга карата текшерүү, көзөмөл жүргүзүү иш-чаралары улантылат.

 

Бул иш-чаралардын максаты - шаар тургундарынын жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн