Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте мыйзамсыз спирт ичимдиктерин саткандар кармалды

13.03.2020 09:53
844
Бишкекте мыйзамсыз спирт ичимдиктерин саткандар кармалды


Бишкек шаарында сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталды, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.


Билдирүүгө ылайык, бул факт Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө ачыкталган.


Натыйжада ар кандай ассортименттеги 2 миң 234 бөтөлкө тартып алынды, анын ичинен: «Любимый» маркетинен - 1164 бөтөлкө, «У дома» маркетинен – 170 бөтөлкө, «Крымские вина» маркетинен – 900 бөтөлкө элиталык вино.


Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн