Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 16:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте монорельстүү транспорт каттамы боюнча долбоор даярдалууда

15.06.2022 17:39
1056
Бишкекте монорельстүү транспорт каттамы боюнча долбоор даярдалууда



Бишкекке монорельс куруу долбоору даярдалып бүттү, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев  Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, монорельстин маршруту 12-кичи райондон башталып, "Дордой" базарына түшүп, андан ары Фучик көчөсүнө туташтырылып, Түштүк магистралга чейин айланып жүрө тургандай болуп түзүлгөн.


"Түштүк магистралдагы эки тараптуу жолдун ортосунда жашыл болуп турган жер монорельс курууга долбоорлоштурулган. Жакында мэр Эмил Абдыкадыров инвесторлор менен жолукканда ушул маселени көтөрдү. Биз дагы долбоорду даярдап койдук. Маселени карай баштадык", — деди Абдиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн