Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте мөөнөтүнөн мурда бузулган жолдор подрятчы компаниянын эсебинен оңдолууда (фото)

28.07.2020 12:04
602
Бишкекте мөөнөтүнөн мурда бузулган жолдор подрятчы компаниянын эсебинен оңдолууда (фото)


Бишкекте Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен кѳчѳ-жол тармагын ѳнүктүрүүнүн биринчи фазасын ишке ашыруунун алкагында оңдолгон кѳчѳлѳрдѳгү кемичликтер оңдолууда, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, азыркы учурда оңдоо иштери 20 кѳчѳдѳ, анын ичинде Малдыбаев, Тыныстанов, Ахунбаев, Орозбеков, Шералиев, Токтоналиев, Муромская жана башка кѳчѳлѳрдѳ жүргүзүлүүдѳ. Калган 28 кѳчѳдѳгү кемчиликтер курулуш мезгили аяктаганга чейин жоюлат.


Белгилей кетсек, кемчиликтерди шаардык инженерия жана курулуш кызматтарынын, райондук акимиаттардын, МАБдардын кызматкерлеринен жана подрядчы компаниянын ѳкүлдѳрүнѳн түзүлгѳн ведомство аралык комиссия аныктайт. Ар бир кѳчѳнү кыдырып, бузулган жолдорго кемчилик актылар түзүлүп, анын негизинде иштер улантылып жатат.

Аныкталган кемчиликтерге сапатсыз жээк таштары жана ирригациялык арыктар кирет. Азыр аларды жаңыга алмаштырып жатышат. Айрым тротуарларда таман таштар тѳшѳлүүдѳ.

Аталган долбоордун алкагында жалпы узундугу 93 км түзгѳн 48 кѳчѳ оңдолгон. Ар бир кѳчѳгѳ эки жылдык кепилдик берилген жана ал кепилдик ушул күздѳ бүтѳт. Келишимге ылайык ар бир кѳчѳдѳгү кемчиликтер подрядчы компаниянын эсебинен жоюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн