Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:59
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Бишкекте мугалимдердин кыргыз-россиялык форуму өтүп жатат

02.10.2023 11:26
339
Бишкекте мугалимдердин кыргыз-россиялык форуму өтүп жатат


Бишкек шаарында мугалимдердин "Келечекке сереп" аталышындагы эл аралык кыргыз-россиялык форуму өтүп жатат.


Иш-чараны Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Мифтахетдин Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети уюштуруп жатат. Форум эртең аяктайт.


Алдын ала берилген маалыматта форумдун Кыргызстанда — Баткен менен Караколдо Орус тилин үйрөнүү борборлорунун ачылышына карата өткөрүлүп жатканы айтылган.


Программада Россия менен Кыргызстандын ортосунда билим берүү жаатындагы маселелерди аныктап, талкуулоо, кызматташууну арттыруу максатында пландалып жаткан долбоорлордун бет ачарын өткөрүү каралган. Андан сырткары, эки мамлекеттин стандарттарын, педагогдор үчүн билим берүү интенсивдерин биргеликте колдонуу боюнча талкуу да бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн