Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте муниципалдык кызматкерлер жумасына эки күн коомдук транспорт менен жүрөт

13.05.2024 19:05
241
Бишкекте муниципалдык кызматкерлер жумасына эки күн коомдук транспорт менен жүрөт


Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык унаасын пайдаланууга чектөө киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында кабыл алынды.

Ошентип, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынды.

Көрсөтүлгөн күндөрдө жеке жана кызматтык унааларыны колдонууга чектөө киргизүү жолдогу тыгындарды азайтып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн тыгындардын убактысын кыскартат. Ошондой эле коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатат.

Бул өз кезегинде, транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн