Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңеши өз жыйынында муздак сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү жактырды.
Токтом долбооруна Бишкек шаардык кеңешинин 33 депутаты добуш берди.
Ошентип, 1-июндан тарта тарифтер төмөнкүдөй болот:
калк үчүн - 10,45 сом (салыктарды кошпогондо);
бюджеттик уюмдар үчүн - 12,95 сом;
башка керектөөчүлөр үчүн - 18,5 сом.
Канализация (1 куб метр үчүн, салыктарды кошпогондо)
калкка - 3,45 сом;
бюджеттик мекемелер - 4,5 сом;
башка керектөөчүлөргө - 9 сом.
Көп батирлүү турак жайлардын ички жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализациясын тейлөө (жылына жалпы аянтынын 1 чарчы метрине, салыктарды кошпогондо)
калкка - 15,1 сом;
көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөргө - 15,1 сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн