Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 08:40
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкекте муздаткыч иштебей, вакциналар жарактан чыкты

19.05.2021 14:25
1210
Бишкекте муздаткыч иштебей, вакциналар жарактан чыкты

Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлөк медицина борборунда коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчүрүлүп, натыйжада 930 доза вакцина жараксыз болушу мүмкүн экендигин Govori.TV өздүк булактарына таянып билдирди.



Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчкөнү тууралуу маалыматты ырастап, төмөндөгүлөргө токтолду.


“Бул мүчүлүштүк муздаткычтан кеткен эмес. Атайы иликтөө жүргүзүп, вакцинаны өндүрүүчүлөрдөн маалымат алуу үчүн билдирүү жөнөттүк. Комиссия дагы түзүлдү, аталган вакциналар бүгүнкү күндө колдонулган жок. Бизде авариялык абал болгон учурда маалымдоочу система бар. №2 Үй-бүлөлөк медицина борбору дароо Республикалык иммунопрофилактикалык борборго кабарлап, бизди чакырышкан. Жерине барып тааныштык. Муздаткычта «Спутник V» вакцинасы сакталган болчу. Мисалы, «SinoPharm» вакцинасы жылуулукта 55 саатка чейин турат. Ал эми «Спутник V» вакцинасына салыштырмалуу 2 саат гана боло алат. Аталган дозанын баардыгы жабыркаган эмес. Бул маселени вакцина өндүрүүчүлөр менен байланышып чечебиз, колдонуу жоболорун сурайбыз”, – деди Ишенапысова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн